Анын айтымында, айрым үйлөрдө тургундар бир нече жылдан бери жашап келишет, бирок имараттар расмий түрдө пайдаланууга кабыл алынган эмес.
«Мунун айынан бюджетке салыктар түшпөй жатат. Үй пайдаланууга берилгенден кийин курулуш компаниясы тиешелүү салыктарды төлөшү керек. Бул жерде кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы барбы? Курулуш компаниялары менен Минстрой ортосунда салыктарды төлөбөө үчүн сүйлөшүү болушу мүмкүн», — деди депутат.
Курулуш министри Нурдан Орунтаев мындай кызыкчылык жок экенин айтты.
«2022-жылга чейин 200дөн ашык объект пайдаланууга берүү уруксаты жок жана тиешелүү документтери толук эмес болчу. Бир жыл ичинде атайын комиссия иштеп, 150 объект боюнча маселе чечилди. Калган объекттер боюнча иштер уланууда. Эң башкысы — коопсуздук маселеси», — деп белгиледи министр.
Министрлер кабинетинин биринчи орун басары Данияр Амангельдиев 2025-жылы Минстройдун активдүү ишинин натыйжасында 2024-жылга салыштырмалуу 1,4 миңге көп объект пайдаланууга берилгенин кошумчалады.
Депутат Акылбек Тумонбаев бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Ош жана Бишкек шаарларында бир катар турак жай объекттери пайдаланууга берилбей жатканын билдирди.