Жарнама кошуу 0 Кирүү
  • Башкы бет
  • Blog
  • Министрлер кабинети социалдык турак жай программасын даярдоодо.

Министрлер кабинети социалдык турак жай программасын даярдоодо.

30.01.2026

Президенттин тапшырмасы менен социалдык турак жай программасы иштелип чыгууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов «Элдик» жана «Ала-Тоо» депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында билдирди.

Ал муну муктаж жарандарды ипотека аркылуу турак жай менен камсыз кылуу тууралуу депутаттардын суроосуна жооп берип жатып айтты.

«ГИК жарандарга кыймылсыз мүлктү менчикке берет. Ал эми социалдык турак жай — бул ипотека эмес, бул ижара. Программа жетим балдарга жана башка аярлуу категориядагы жарандарга багытталган. Азыр биз аны иштеп чыгуудабыз», — деп белгиледи Эдиль Байсалов.

Өйдө кайтуу
My Group
Кыргызстандагы тематикалык жарыя платформалары
Унаа сатып алуу же сатуу
Устаны табуу
Жарыялар тактасы
Find real estate